Home » Авторы, Литература, Подшивка, Познавательное » ХАШИМ ТАБЫП же ракты жеңген дарыгер

ХАШИМ ТАБЫП же ракты жеңген дарыгер

Save pagePDF pageEmail pagePrint page

Бейшенбек Бекешов

 

МАЗМУНУ

Алгы сөз
Оорудум
Инфаркт
Хашим табып
Расмий медицина
Лейкоз – кандын рагы
Шыпаанын жармы адамдын өзүндө
Рак илдетин жеңүү
Ишеним
Соңку сөз

АЛГЫ СӨЗ

Ооруну Кудай эч кимге бербесин! Аалам силкээр күчү бар алкынган адам да оору келсе алеки саатта аргасы түгөнгөн мусаапырга айланат да калат. Ошондо бир билесиң жөн эле катардагы бир пенде экениңди. Анан да оопасыз дүйнөнүн болмушу менен өтмүшү көз алдыңан өтүп, өмүрдө эмне убактылуу, эмне түбөлүк экени тууралуу ой басып, небак унуткан адеп-ахлагың кайра келип, өзүнчө эле нукура философко, али эч ким байкай элек акылманга айланасың.
Ооба, оору деген балким балээ, балким тагдыр, балким сыноо. Балким маанисине жеткендер үчүн дүйнө таануунун өзгөчө бир мүмкүнчүлүгү, чыныгы бакыттын эшигидир. Эмнеси болсо бир ооруга кабылып, ал аркылуу бир керемет инсан менен бир тууган, акыреттик дос болдум. Ал Хашим Зайналиев аттуу химик-биолог дарыгер, кыл тамырчы табып. Расмий жана элдик медицинаны ийне менен кудук казгандай иликтеп жүрүп, өзүнүн өзгөчө, адамга эч бир зыянсыз дарылоо ыкмасын таап алган илимпоз. Эң башкысы, айыккыс илдет катары таанылган рак дарты баш болгон бир катар оорулардан арылтууга багытталган ийгиликтүү практикасы менен ызы-чуу чыгарып, өзүнө каршы иттин кара капталынан душман ашырган жападан жалгыз эр.
Бул китепчени абсолюттук чындык катары сунуп жаткан жокпуз. Өзүбүз тушуккан жана күбө болгон фактыларды гана ортого салып, ой баккан, сөз баккан элдин саламаттыгына, бакыбат жашоосуна кызмат кылсак дедик. Отко айдаса тетири качкан эшек сымал, көрүп-билип туруп ден-соолугун талкалап алган, ал турсун дүйнө салган канча кишини көрдүк. Ошондойлор дагы бир ирет ойлонсун дедик. Ооругандагы ой толгоо, ыр түрүндө жарыялангган сезимдерди да кошуп, кичине көркөмдөп да койдук. Анын баары Сиздин гана көөнүңүз үчүн, кадырман замандаш!
ООРУДУМ

Оопасыз өмүрдө көп сыноо коштойт,
Оорудум, бир ажалдан калдым окшойт.
Түбү жок инфаркт деген бизнес үчүн
Түбөлүк кардар болуп алдым окшойт.

Оору барда ага шыпаа даары бар,
Шыпаа тургай шумдуктуунун баары бар.
Адамдардын мал-мүлкүнүн ичинде
Дарыгердин ырыскысы дагы бар.

Бүгүнкү оору каңтарып бүт айлаңдан,
Бүт дүйнөлүк мите пулга байланган.
Балдарыңдын ырыскысын куруткан,
Мураскорго, каракчыга айланган.

Сабыр деген сары алтын го накта бир,
Сабырыңды дал ушундай чакта бил.
Кудай-Таалам шыпаа берсе ооруга,
Ошол шыпаа акча деген жок далил.

“Жаратканым, шыпаа бер!”- деп сурадым, –
Жайым таппай, эс-мас болуп турамын.
Элге деген, Сага деген чарбак бар,
Баштап койгом, бүткөрөйүн, курайын”.

Табып дос бар, ким болмок жолдошу жок,
Жетип келди, өң-алет, келмеси жок.
“Врачтар бир өлүмдөн сактаптыр! – дейт. –
Ыкчам иште врачтын теңдеши жок.

Мындан чыгып, мага барып дарылан,
Денеңдеги шлактардан аруулан.
Бүт ооруга себеп ошол, – дейт досум, –
Буйрук болсо сакаясың баарынан”.

Кесел келсе шыпаанын келээри бар,
Келбей калса анын да себеби бар.
Кимга жаза, кимге сый, кимге сыноо,
Кудайыңдын сар эсеп, ченеми бар.

Чечимине Кудайдын кесирлик жок,
Чечет мага деп айтаар кепилдик жок.
Аракетиң ак кылгын, анан дагы,
Арзуу айткын тагдырга баш ийдик деп.

Оош-кыйыш адамды сомдоп коёт,
Ооматыңды кесириң кордоп коёт.
Алкыш-бата, анан да сооп ишиң,
Анча-мынча тагдырды оңдоп коёт.

Издегендер издегенин таба алаар,
Изги адамдар изги ойлорду бага алаар.
Ок тийсе да онтобостон көтөрүп,
Оорудан да күчтүү болгон бабалар.

Аракетчил акыбетин таба алаар,
Аруу ойду аруу жандар бага алаар.
Апкаарыбай, оюн түзөп, бой түзөп,
Ажалдан да алдуу болгон бабалар.

2017-жылдын январы.

ИНФАРКТ

Бир тарабы рак илдетин айыктырып жаткан теңдешсиз дарыгер катары сыпаттаса, экинчи тарабы мыйзам бузуучу, ал турсун оорулууларды алдаган көз боёмочу катары айыптап чыккан Хашим табып менен 2016-жылдын декабрь айынын баш ченинде таанышкам. Анын бейтапканасын жаптырууну максат кылган ызы-чууну жеринде көрүп, иликтөө үчүн Нургазы Мусаев досум экөөбүз барганбыз. Жапалдаш бойлуу, ак жуумал, чымыр денелүү, ички-тышкы саламаттыгы албырып жүзүнө чыккан, жакшы-жаманын жаап жашыра албаган, ичиндегиси сыртында, бирок беттегенин бербеген жанда жок өжөр киши экен. Ооруну тамыр кармап билет деп уккан элек. Эки иштен бир иш деп, бир чети сынамакка менин да тамырымды кармап бериңизчи деп кайрылып калдым. Көчүк араң айланган тар кабинетиндеги кушеткасына жаткырып, буржуйган кыска манжалары менен 2-3 мүнөт кармалап туруп:
– Сиз жүрөгүңүз ооруруун билесизби? – деп сурады.
– Жок, билбейм, – дедим таң калып. – Кайра-кайра эле
кардиограммага түшүп жүрөм. Доктурлар деле эч нерсе айткан эмес, өзүмө деле эч нерсе сезилбейт.
– Кардиограмма азыр барып түшсөңүз деле эч нерсе көрсөтпөйт.
Бирок сиздин оору олуттуу. Жатып дарыланганыңыз жакшы болмок. Мен кызматыңызга даярмын, – деди ал кыска гана.
Мен ишенээр-ишенбесимди билбедим. Анан да кыргыз качан оорунун алдын алуу үчүн дарыланчу эле. Ооруп баштасам келээрмин деп ойлоп, рахматымды айтып кете бергем.
Андан эки-үч жума өтпөй инфаркт менен жыгылып, өкмөттүн ооруканасында, реанимацияда 9 күн жатып чыктым. Тогуз күн бою тикесинен тик туруп, көз айырбай күзөтүп, чымындай жанымды арачалап калган, Гиппократтын антынан да, Кудайдан да корккон медиктерге тоодой алкыштан башка айтаарым жок. Бирок алардын өзүнө жабышкан бүгүнкү күндүн бизнес деген оорусу тууралуу үн катпай койсок Кудайга жагаар иш болбос…
Жыгылгандын эртеси эле Хашим табып да келип көрүп, врачтар бир өлүмдөн алып калыптыр деди. Инфаркт деп жүрөктүн бир тамыры бүтөлүп, жарылып кеткенди айтат. Чоңураак тамыр жарылса жүрөктүн функциясы бузулуп, киши тиги дүйнөгө кете берет экен. Кичирээги жарылса жүрөктүн өзүн өзү сактоо касиети иштеп, анын милдети жүрөктүн башка бөлүкчөлөрүнө өтүп, киши жашай берет. Бирок өмүр бою дагы бир инфарктын болушун күткөн инвалидке, майыпка айланат экен. Кишинин инфаркт болгону, б.а. жүрөк тамырларынын бири жыртылып берчке (кардиологдордун тили менен – рубецке) айланганы кардиограмма аппаратынын тасмасында ташка тамга баскандай көрүнүп турат экен.
Берчти жоготуу медицинанын теориясында да, практикасында да жок дешти врачтар. Бирок заманбап техниканын жардамы менен кан тамырды сойлотуп барып, берч болуп бүтөлгөн жерге жасалма өткөөл коюу ыкмасы бар экен. Анын диагностикасынын баасы 20 миң, операциясынын баасы 210 миң сом экен бүгүнкү күндө. Ачыгын айтсам, мага ошону сунуш кылбаган кардиолог болгон жок. Аны сокур ичегинин опаерациясынан да коопсуз деп мактаган врачтар да болду.
Ошентсе да бир эмес, төрт-беш инфаркты көтөрүп жүргөндөргө чейин сурамжылап кеңешип көрсөм, ошол жасалма өткөөлдү койдуруп алып о дүйнөгө кеткендерди санап беришти. Ал маркумдардын көбү мен өзүм таанып билген эле адамдар экен. Бул тууралуу врачтарга айтсам ал өткөөлдү койдурбагандар деле өлүп жатпайбы деген каяшасын айтышты. Эмнеси болсо да бул тууралуу так статистика жүргүзгөн эч ким жок, бирок кардиолог атпайдын дээрлик баары эч унутпай сунуш кылып турган ошол бизнес бар.
Бирок жүйөлүү сунуштарды иликтегеним менен менин да турмушта тутунган өз принциптерим бар. Ооруну берген Кудай шыпаасын да берет деп эсептейм. Ошол шыпаа сөзсүз эле отойгон чоң акчада, кан тамырдын ичине микроаппараттарды сойлотуп операция жасагандарды байытууда деп эсептебейм.
Мындан сырткары ооруканадан чыкканда врачтар дайыма үзбөй ичип тур деп бир баштык даары жазып беришти. Ал деле оңой акча эмес, өзүнчө эле бир маяна экен. Бул үчүн врачтарды күнөөлөй албайм. Алардын билгени ошо, аларга үйрөтүлгөн тартип, кардиологдордун расмий протоколу ошо. Аны аткарбаган врач жоопко тартылышы мүмкүн, эгер аны аткарган соң бейтабы өлүп калса да врач жооп бербейт.
– Сиз мындан чыккан соң мага барып дарыланыңыз, – деди Хашим
табып ооруканага дагы бир жолу келгенинде. – Бизде жүрөк оорулууларды да дарылоо практикасы да бар. Жакшы натыйжаларды берген. Кудай буюрса операциясыз, медициналык дары-дармексиз эле сакайып кетесиз. Ден соолугуңуз үчүн бир ай убактыңызды бөлүп коюңуз…
Ошентип ооруканадан чыккан соң Хашим табыптын бейтапканасында бир ай эмес, кырк күн жаттым. Жалаң анын жүз пайыз чөп-тамыр жана жашылча-жемиш дарыларын ичип жана эмип (“Эмип”, – дегеним чынында эле дарыларды кекиртегиңе капельницанын ичке түтүгүнөн жылжытып тамчылатып же же шприцтен эмизип коёт. Ошентсе дарынын көбү денеге аш казанга жетпей сиңет экен. Табийгый дарылар химикаттарга караганда алсыз болгондуктан алардын натыйжасына жетүүнүн мындан башка амалы жок окшойт).
Хашим табыптын расмий кардиологдордон айырмаланбаган кардиолог врачы да бар экен. Келген күнү эле кардиограммага тарткан. Эч өзгөрбөйт деген кардиограмма 12 күндө эле өзгөрдү, 21 күн болгондо айдан ачык өзгөрдү. Бирок прогресс ортодо белгисиз себептер менен бир аз соолгундап калып, бир ай толгондо Хашим табып дарыларын өзгөртүп, дагы он күн кармады да:
– Азыр жүрөгүңүз жаш баланыкындай жакшы иштеп жатат.
Инфаркттан калган берчти биротоло кетирүү үчүн дагы убакыт керек. Азырынча барып ишиңизди кыла бериңиз, – деп үйгө чыгарып жиберди.
Жүрөгүм жаш баланыкындай болуп калганын билбейм, бирок баштагы кичинекей күч жумшоого күйүгүп калуу деген илдеттен биротоло кутулдум. Күнүгө 1-1,5 саат ылдам басуу же жарым саатка чейин желип жүгүрүү кадыресе иш болуп калды. Күчкө салып, жүрөктү ачыштырган абалга жеткире элекмин. Бирок бир кем дүйнөм – саал кычыштырып же билинээр-билинбес дүпүйүп маал-маалы менен жүрөгүмдүн бар экени сезилип калат. Бул эми убакыттын иши деп ойлойм. Элүү жыл жыйнаган оору элүү күндө кете коёбу.
Ооруну берген Кудайым шыпаасын да берип жатат деп ойлойм.
Кардиологдор жазып берген дарылдардын бирин да ичкен жокмун. Алар бир жакты оңдогону менен башка жакты талкалайт, анысы аз келгенсип жүрөк ошол дарыларга көнүп, өмүр бою ошолорго көз карандылык пайда болорун айтты Хашим табып. Мен анын кеңешин өз ыктыярым менен эң орундуу жана жүйөөлүү деп таптым.
Анан да журналисттин ар бир кадамы, ал турсун ооруганы да элге пайдалуу болууга тийиш деген принцип менен жашап келатам. Хашим табып тууралуу жазуу эми менин өмүрлүк максаттарымдын бирине айланды. Бул кишиге Жараткан Кудай Улукмандын таланты менен жөндөмүн берген сыяктуу. Жүрөк оорулары эле эмес, дүйнөдө айыкпайт деп таанылган ооруларды четинен айыктырып жатканын өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Ишин жакшылап уюштурса оорудан мөгдөп жаткан миңдеген мекендештерибизди алты саны амандарга кошоор теңдешсиз береке, чет элдиктерди дарылап мамлекеттик бюджетти толтураар байлык, элибиздин атын жакшылык менен чыгараар кут болоорун бөркүмдөй эле көрүп турам.
Мен эл үчүн бир топ эле иш жасагансыдым. Бирок Хашим табыптын ишин ушул айтылган деңгээлге жеткирүүгө салым кошсом, балким менин эң улуу ишим ошол болоор деген аруу үмүт менен биринчи макаламды аяктайм. Муну эринбей окуп чыкканыңыз үчүн чексиз ыраазымын жана эки дүйнөнүн эч бир жакшылыгынан кем болбоңуз, урматтуу мекендешим!

2017-жылдын февралы.

ХАШИМ ТАБЫП

Өмүр бою жакшы адамдарды, жакшы иштерди даңазалоо менен алектенип келем. Көп учурда көпчүлүктүн көөнү, жакшылыктын жайылышы үчүн кем тузу болсо келтирип, боёосун кандырам. Бирок жарыялай турган жакшылыгым жамандыкка, каарманымдын кайгысына айланбагай эле деп кооптонуп, көркөмдөмөк турсун көзүм көргөндү кагазга түшүрө албай, опкоолжуп турган жападан жалгыз учурум ушул. Анткени буга чейин өзүмдүн инфаркт болуп жыгылып, Хашим табыптан сакайып чыкканым тууралуу макаламдан соң табыпка бир короо милийса-прокурорлор менен журналисттер чабуул коюп, ит талагандай кылганына өзүм күбө болдум. Баарынын таянганы, сураган суроосу табыпка жабылган ээси жок, тоголок жалаа, негизсиз ачылган кылмыш иши. Мыйзамга илинээр бир илинчээк болсо тытып жеп койчудай болуп келишти. Баарын бирөөлөр уюштуруп, атайылап айдактаганы айдан ачык көрүнүп турат. Ошол жердеги колу-буту соо бейтаптар жабылып, араң дегенде айдап чыгып, дарбазаны илип алдык…
Адамды мынчалык тебелөөнү Кудай кишиге бербесин. Хашимдин өлбөгөн эле төрт шыйрагы калды. Улам башын чайкап, үнсүз туттугуп олтуруп калат экен. Эмне деп көңүл айтаарды билбейбиз. Ал аз келгенсип өзүмчүл шайтан өзөгүңдү чукулап: “Эмнеси болсо да ушул жайдан мен айыгып чыгып кеткенден кийин болсо экен”, – деп турат экен бир жактан. Ал эми догдурдан шыпаа таппай, Хашимге эң акыркы үмүт менен келип жаткандар эмне ойлоду, ким билет. Бирок алардын үнү Жараткан Кудайга жеткен сыяктанат, анткени бейтапкана дале болсо иштеп жатат…
Ооба, Хашимдин бейтапканасы иштеп жатат. Бирок өзгөчө бир кызык принциптер менен иштеп жатат. Аларды табып 5-каналдын түз эфиринде бир профессор кардиолог менен дебатка чыкканда айтты. Каналдын журналисттери көрсөтүүнүн үчтөн бир убактысына Хашим табыпты бир беткей шыбаган сюжетин жарыялап туруп, артынан табып менен врачтын айтышын коё берип, бирок анда да табыпты сүйлөтпөй кайра-кайра сөзүн жулуп, алып баруучу менен врач экөөлөп талагандай кылып уюштурушту. Бирок чындыктын күчү керемет да. Хашим экөөнүн тең оозун аппак кылууга жарады. Профессор бейтаптарды табыпка барбай мага келип дарылангыла деп чакырык жасады эфирден. Хашим болсо “Мен эч кимди чакырбайм. Мен өз ишимди эч убакта реклама жасаган эмесмин жана жасабайм. Менде жаткан бейтаптарды айыктыра ала турган врачтар болсо алып кеткиле токтоосуз. Менде жүрөк оору менен дагы кишилер жатат. Сиз ошолорду алып кетип, сакайтыңыз. Колуңуздан келеби? Аргасы түгөнүп келген кишиге мен кантип жардам бербей коём? Кудай берген илимди аларга пайдаланбасам эртең Кудай алдында эмне деп жооп берем? – деди.
Кантип жамандаарын таппай калган профессор өздөрүнүн асмандын башындагы ставкаларын унутуп, Хашимге бейтаптардан акчаны аябай көп алып жатыпсыңар деген доомат койду. Хашим болсо: “Мага врачтар дырдай жылаңач кылып тоноп бүтүп, эми өлөсүң деп чыгарып жиберген кишилер келет. Алардын бирөөнөн акча алсам, экөөн акысыз дарылаганга аргасызмын. Акчаң жок экен деп карабай койгонго менин абийирим жол бербейт”, – деди.
Бейтапканада чынында кырдаал ушундай. Милийса келип жаба албайт. Андагы врачка баруудан баш тарткан же врачтар ооруканадан чыгарып салган бейтаптарды эмне кылат? Аны мыйзамдуу оорукана катары саламаттык сактоо министрлиги каттабайт. Шылтоосу Зайналиевдин врач деген дипломунун жогу. Андан сырткары, аны министри баш болуп бүтүндөй расмий медицинанын көрөйүн деген көзү жок.

РАСМИЙ МЕДИЦИНА

Саламаттык сактоо министри Таланбек Батыралиевге кесиптешим Нургазы Мусаев экөөбүз бардык ортомчу болуп. Рак деген илдетти айыктыруу оюнчукпу? Онкологдор эми барып өлө бер деп чыгарып койгондордун теңинен көбүн айыктырып жатса, өзүңүз ошол жерге бир басып барып кызыгып койбойсузбу. Биздин өлкөдө айына 375 киши көз жумат экен бул балээден. Зайналиевди колдоого алып, элдин сообуна калсаңыз, чет элдиктерди кошо дарылап, бюджет толтурсаңыз аты өзүңүзгө калбайбы, – деп. “Мыйзамсыз иштеген жерге барбайм”, – деди ал кесе. Зайналиев тууралуу угайын деген кулагы, көрөйүн деген көзү жок.
Министрдин кесиби кардиолог болгон соң, болгондо да эң чыгаан делген кардиолог болгон соң мен өз оорумду ортого салдым. Инфаркттан кийин өзгөрбөйт деген кардиограмма өзгөрүп, оорум дээрлик билинбей калды, бирок кардиограммадагы берч (рубец) али кете элек, Хашим дагы бир курс дарыласак Кудай буюрса кетет деп айтты десем, “Өлгөн эт (ткань) кайра тирилбейт, рубец деген кетпейт эч убакта. Аны кетирүүнүн бир гана жолу сиз качып жаткан үч миң долларлык кан тамыр ачкан операция, – деди да, – Сизге чың ден соолук каалайм…” – деп көп маанилүү кошумчалады.
Ошону менен чийки май жегендей болуп кете бердик. Жүрөгүнө ошондой операция жасатып алып о дүйнөгө кеткен канча кишини билебиз. Жалаң жүрөк оорудан өлкөбүздө бир айда 1400 киши көз жумат экен. Рактан каза болгондордон 3-4 эсе көп. Кудай шыпаасын акчага байланган иштен эмес, беш маал намазын үзбөгөн Хашим табып аркылуу берсин дедик. Чынында эле ошондой болду окшойт. Ортодон бир ай эс алып, дарылануунун экинчи курсу деп Хашимдин бейтапканасына келип жаткандан бир жума өтпөй кардиограмма менин жүрөгүмдө инфаркттан калган берч (рубец) жок болгонун көрсөттү. Аны беш-алты кардиологго алып барып көрсөттүк. “Бул кардиограммада патология жок”, – дешти баары бир ооздон.
“Сизди дарылоону 20 күн болот деп эсептедик эле. Жармына жетпей натыйжа берди. Эми үйгө чыга берсеңиз болот. Биздин “Жүрөк бальзамын” дагы он күн ичиңиз. Ошону менен менден көз карандылыгыңыз бүтөт. Диетаны жакшы сактасаңыз ооруңуз кайра кармабайт”, – деди Хашим.
Азыркы биздин расмий медицина, атап айтканда саламаттык сактоо министрлиги Хашим табыптын ишмердигине уруксат бериши мүмкүн эмес. Ишмердиги тургай ал жасаган дарылардын бирине да расмий сертификат бербейт. Себеби Хашим табыптын иши да, каражаттары да расмий медицинанын параметрлеринин, талаптарынын бирине да туура келбейт. Бирок ишинин натыйжасы да теңирден тескери. Хашим табып 5 жылдын ичинде 500дөн ашуун адамды сакайтып чыгарды. Алардын жармынан көбүн ооруканалар айыкпайт деп чыгарып койгондор түзөт. Бул фактыны эч ким тана албайт. Демек, азыр Хашим табыпка саламаттык сактоо министрлигинин мунапысы же кайыр садагасы эмес, Жогорку Кеңештин элдик табыпчылыкка же Хашим сыяктуу башкача медицина өкүлдөрүнүн ишмердигине уруксат берген атайын мыйзамы керек. Ошондо элибиздин саламаттыгы түздөн түз жакшырып, жарандарыбыздын өмүрү узарат. Башка жол элге болгон кыянатчылык гана болуп саналат деген ойдобуз.

ЛЕЙКОЗ – КАНДЫН РАГЫ

Дагы бир кызык. Хашим табыптын бейтапканасында алгач 40 күн жаткан соң сакайганыма кайыл болуп, кардиограмманын гана өзгөрүшү үчүн кайра келип бейтапканга жатпайт элем. Ортодо тиземдин алакандай жеринде эти жанчылып калган сыяктанган бир оору пайда болуп, бастырбай, түнү уктатпай кыйнайт. Участкалык доктурум жазып берген маздарды сыйпаганымдан пайда чыкпады. Компресстин түрлөрүн жаптым. Спирттен компресс жасайм деп этимди күйгүзүп да алдым. Акыры Хашимге айтсам колу менен улам бир жерин баскылап көрүп:
– Сиздин бутуңуздун эти эмес, чучугу ооруп жатат. Бул балээ оору.
Муну эртелеп айыктырбасаңыз жүрөк ооруңуз мунун жанында оюнчук болуп калат, – деди.
– Эми ушу калган тура мага! Эмне деген оору? – дейм оозум ачылып.
Ал:
– Лейкоз. Муну врачтар аныктай албайт. Аныктагандан кийин кеч
болуп калат. Аны айыктыруу тозоктун тозогу, – деди да бейтаптарын көргөнү кетип калды.
Хашимдин кабинетиндеги компьютерге дароо жабышып, интернеттен көрсөм лейкоз деген кандын рагы экен. Чучукта пайда болот экен. Медицина иш жүзүндө айыктыра албайт экен. Ишенген жокмун. Ишенгим да келбеди.
– Лейкоз деген кандын рагы турбайбы?! – дейм мен Хашим кайра
киргенде өң-алеттен кетип.
– Коркпоңуз, сизде азыр лейкоз жок. Бул башы гана. Муну оңой эле
айыктырабыз. Эки иштен бир иш кылып жүрөгүңүз менен кошо дарылап салалы. Келип жатыңыз, – дейт ал.
Ошентип келип кайра жатып калгам. Бут оорум келген күндөн эле басайып, бир жума дегенде биротоло жок болду. Болгон ичкен дарым 3-4 чөптүн кайнатмасы, дагы 2-3 чөптүн компресси. Хашимге же ишенээримди, же ишенбесимди билбейм. Ишенбейин десем оорунун ал айткан белгилеринин баары болгонун, анан да минтип куландан соо айыктырып салганын кайда алып барам?
Дарыгер эмес киши Хашимдин бир сөзүн түшүнсө, бир сөзүн түшүнбөйт. Бир нерсе сурасаң аябай майдалап, биз угуп-укпаган илимий терминдер менен, качанкы бир заманда мектептен уккан химиялык формулалар менен айтып берет. Сөөктүн рагына алы жетпей, чучукка жетүүнүн амалын таппай жатканын айта берчү бир топ мурун. Бир күнү эле: “Кудай-Таалам ракты сөөктүн ичине салган ырайымсыз эмес экен. Ал илдеттин себеби сыртта, оңой эле жерде экен”, – деп мулуңдап сүйүнүп жүрөт. Көрсө мына ушул лейкозду айтып жатыптыр. Койгон диагнозуна ишенип-ишенбейсиң, бирок оорудан сакайасың. Менин көз алдымда эле ушундай диагнозу менен аксап, кокуйлап келген бир топ киши куландан соо сакайып кетти. Аларга да врачтар диагноз коё албай, болжолдоп дарылай берип, айыктыргандын ордуна күчөтүп тынышкан. Ал турсун кан тамыр тарып кетиптир, хирургиялык операция жасап, жасалма кан тамыр салабыз дегендери да болгон.

ШЫПААНЫН ЖАРМЫ АДАМДЫН ӨЗҮНДӨ

Ооруну башка салбасын. Бул деген тагдыр. Укмуштай чоң сыноо. Аны көтөргөн бар, көтөрбөгөн бар. Жеңген бар, жеңе албаган бар. Оорунун шыпаасынын жарым-жартылайы дарыгерде болсо, экинчи жармы, балким андан алда канча көбү бейтаптын өзүндө болот. Мына ошол экөөн бириктирген кудурет Жараткан Кудайдын өзү экен.
Бир кызык мисалды баяндай кетели. Азыр элүүгө таяп калган Элмира Асанбекова беш жыл илгери жатын моюнчасынын рагы деген балээ менен республикалык онкологиялык ооруканага түшөт. 80 күн жатып, 4 жолу химиялык, 22 жолу нурлантуучу дарылоодон өтөт. Дарыга ууланып сөлдүрөп калган абалда жакшы болдуң деп чыгарып жиберишет. Ар 3 ай сайын келип текшерүүдөн өтүп турат. Келген сайын жакшы эле турасың дей беришет. Бир жылдан соң такыр баспай калганда баякы ооруканага кайра алпарышат. Алар дагы 6 жолу нурлантуучу дарылоо жасашат. Менин түшүнүгүмдө нурлантуу деген рак болгон жерди күйгүзүп салуу экен. Күйгөн жерде рактын өсүшү токтоп, бирок күйүп калган, б.а. өлгөн этти таза эт жутуп албагандан кийин экөөнүн ортосундагы көйгөй кала берет экен. Тактап айтканда, өлгөн эт таза этти өлтүрүп кете берип, болгону бир аз да болсо өмүрдү узуртууну гана иши экен.
Ошентип баш-аягы 28 жолу нурлантуудан өтсө да оңоло албаган Элмира жан далбасын кылып барбаган жери, кайрылбаган дарыгери калбайт. Акырында ичинен кан чыга баштайт. Көрсө жатын тараптагы илдет арт жагына жайылыптыр. Проктологдор операция жасап, көтөн чучугун курсагынан чыгарып бермек болушат. Эми антип булганбай эле тазараак өлүүнү чечет Элмира айым. Доктурлар болсо анда башка дарылоодон пайда жок, үйдө эле олтургула деген кеңеш берет туугандарына.
Ошентип үйүндө өлүмдү күтүп олтурса телевизордон ЭлТРдин Оштогу студиясында онколог врач менен айтышып жаткан Хашим табыпты көрсөтүп калат. Андан Элмираныкындай дартты элдик ыкма менен айыктыруу мүмкүн экенин угуп, акыркы үмүттүн оту жанат. Антип-минтип жыйналып алып Бишкектен Ошко барса Хашим табып, Аравандагы бейтапканасын жаап, Россияга кетип калган болот. Аны туш-тушунан иттей тытып иштетпей коюшкан болуп чыгат. Эптеп телефондорун таап, интернет аркылуу диагнозу менен оору тарыхын жөнөтөт ага. Хашим табып Казан шаарына 300 километр аралыктагы бир шаарчада бейтапкана ачып, иштеп жатыптыр.
Оору өтүшүп кетиптир, үмүт өтө эле аз, бирок аракет кылсак, Кудай шыпаасын берсе айыгып кетишиң мүмкүн деп жооп берет ал. Ошого да кайыл болуп, Элмира айым Россияга жөнөйт Хашимдин артынан. Анда эки айча дарыланат. Көзгө көрүнөөрлүк оңоло баштайт. Бирок Хашим табып арендалаган үйдүн ээсинин напсиси ачылып, ал жерде иштөө мүмкүн болбой калат. 2015-жылдын февралында кайра Бишкекке келишип, ылайыктуу жай тапкыча Элмиранын үйүндө бейтапкана уюштуруп, аны да дарылоосун улантат. Алты ай күнү-түнү дарылап, баягы илдеттердин баарынан арылтат. Рак деген балээси жатында да, жайылган жеринде да жок болот. Бирок нурлантуу менен күйүп калган белинин эттери (балким нервдери) кайра калыбына келбей, али басып кете албай турган чагы.
Азыр күндөн күнгө жакшыруунун, сакаюунун гана үстүндөмүн деп сүйүнүчтөн төбөсү көккө жетип, бир ыйлап, бир сооронуп, табыпка ыраазычылык үчүн айтаарына сөз таппай, мукактанат. Эт алып, кадимкидей өңүнө чыгып калган. 1-2 айда бир келип кароодон өтүп турат. Кошумча маалыматты, жеке эле бул эмес, Хашим Зайналиевден сакайган башка толгон адамдар тууралуу маалыматты ошол бейтапканада “Бейтап баяны” деген папкелер сакталып турат, анда ар биринин телефондору да бар, ошондон кеңири билип алсаңар болот.
Жатын моюнчасынын рагы деген диагноз менен келип, дарыланып кеткен дагы ончакты аялды көрдүм. Алардын дээрлик көпчүлүгүн 4-стадиядагы өтүшкөн оору деп ооруканадан чыгарып коюшуптур. Жатын дарты кабылдап, көтөн чучукка чаап, бок-жин аралашып чыгып калган учурлар болот экен. Бул дарылоону ого бетер машакатка айлантып, дарыгерден эбегейсиз чоң түйшүк менен чыдамкайлыкты талап кылат экен. Денени рактан арылтып, эми дарт жеп биригип калган эки каналды бири биринен ажыратып тиктирип келгиле деп хирургга жиберсе, мурдагы рак деген диагнозун көрүп туруп бир да хирург албай койгон учурлар толтура. Ылдыйкы эки каналы биригип, таштандысы андалап, кайда барарын билбей аргасы куругундар азыр да жатат Хашимдин бейтапканасында.

РАК ИЛДЕТИН ЖЕҢҮҮ

Хашим табыптын табылгасына мына эми келдик. Денени рактан арылтуу. Бүт дүйнө медиктери менен табыптары небактан бери алек болгон, мааниси эбегейсиз зор иш. Ракты дарылоо медицинанын өзүнчө бир, триллиондогон долларларды жүгүрткөн континенттер аралык бизнес тармагына айланган. Анын кыбыр эткен ишинин баары “Онкологдордун бүткүл дүйнөлүк протоколу” деген эрежеге баш ийдирилген. Дарылоону ошого ылайык жүргүзсөң бейтабың бир эмес он жолу өлүп калса да эч кимдин алдында жооп бербейсиң. Эгер андан кылдай кыйшайсаң соттолуп кетишиң мүмкүн. Мына ушундай катаал тартип менен иштеген, бардык иши өтө кымбат дарыларын сатууга баш ийдирилген система. Карапайым кыргыздын мисалында адамды 2-3 жыл өлтүрбөй кармап, анын акыркы ыштанына чейин чечип алып, эми барып өлө берсең болот деп чыгарып койгон система. Ошол эле учурда расмий онкологиянын рактын айрым түрлөрүн баштапкы стадияларында айыктырууга жетишип жатканын да тана албайбыз.
Эми Хашим табыптын табылгасы деген эмне жана ал кайсы илимий жана практикалык далилдерге негизделген деген суроо. Биз табыптын өзү ойлоп тапкан толгон дарыларын көрдүк. Алардын баары табийгый чөптөр менен мөмө-жемиштерден жасалган. Көпчүлүгүн бейтапкананын өзүндө эле сууга кайнатып даярдашат. Айрым аркар от, теке жалак сыяктуу чөптөр менен минералдарды, же чет өлкөлөрдө өскөн кээ бир дары чөптөр менен тамырларды эсептебегенде, алардын дээрлик көбү биздеги иттин кара капталынан болгон ит мурун, бөрү карагат, сулуу сыяктуу өсүмдүктөрдөн жасалат. Алардын эмне чөп экени, кантип жасалышы сыр деле эмес. Хашимдин ушул чөптү үйүңө барып, ушинтип кайнатып иче бер деп жөнөтүп жиберген учуру толтура.
Сыр Хашимдин өзүндө. Кайсы чөп дары адамдын денесиндеги кайсы процесске таасир этээрин билгенинде. Манжалары менен тамыр кармап, оорунун, дарттын абалын билип турганында. Ал 2-3 мүнөттө тамыр кармап койгон диагноз 2-3 жума жүрүп анализ тапшырып, узи-пузинин баарынан өтүп жүрүп чыгарган диагнозго тетири чыкканын көргөн жокпуз. Бейтаптарынын абалын күнүгө 2-3 жолу келип карап, керек учурда дарыларын, процедураларын алмаштырып турганында. Ал Кудай же көзү ачык болбогон соң, дарттын баарын эле дароо аныктай албаган учурлары да көп. Андайда улам бир дарысын берип, таасирин тамырдан кайра-кайра текшерип көрүп олтуруп, акыры таап алат. Ал эми дарыларынын зыяны жокко эсе болгондуктан, кандайын пайдаланган күндө да адамдын пайдасына гана кетет деп айтууга болот.
Адам акыл-эсти тумандатуучу же ооруну басаңдатуучу медициналык дарыларды ичип алган учурда Хашим табыптын тамыр кармоо жөндөмү азайып же такыр эле иштебей калат экен. Бир бейтаптан шек санап, жанында жаткандарга аңдытып, жашырып кочуштап наркотикалык дары ичип жатканын кармап алып: “Мен сенин дартыңды таба албай бир жумадан бери жинди болуп атсам, сен ушундай кылып жаткан турбайсыңбы?!” – деп бейтапканасынан чыгарып жибергенин көрдүк.
Мына ушул чөп дарылар табыптын айтуусу боюнча рактын өсүшүн токтотот. Токтотмок турсун, акырындык менен анын табийгый жол менен денеден ажырап, бөлүнүп чыгышына алып келет. Бөлүнүп чыккан уюган же чырмалышкан кара кан түрүндөгү, белгилүү бир формасы жок рак ириндилерин ички органдардан арткы тешик же табарсыкка коюлган түтүк аркылуу түшкөнүн көп жолу көрдүк. Ал интенсивдүү дары ичкенден кийин 2-3 жумада, кээде андан көп учурда да түшөт экен. Аны аңдып жүрүү бейтаптын өзүнө тапшырылат. Анысы түшкөн бейтап бала туугандай сүйүнүп, бейтаптын баарына жарыялап, үймөлөктөшүп карап, таңыркап жаткан учурларына далай күбө болдук. Хашим табып алардын үлгүлөрүн гистологиялык анализге жөнөтүп, документтештирип да жүрөт азыр.
Мына ушуга кызыгып, бул кантип айыктырып жатат ракты деп кызыккан бир онколог жок. Баары тең болбой турган нерсе болбойт деген принципке өтүп алган. Ал турсун табып бейтаптарды айыктырбай эле гипноздоп алган, алар бүгүн болбосо эртең өлөт деп расмий интервью берген бетпак врачтар чыгып жатат. Дагы бир белгилүү врач “Онкологдор кээде туура эмес диагноз коюшат, табыптан айыгып кеткендер ошолор болушу мүмкүн”, – деген пикирин айтыптыр. Мунун өзү онкологдор акча жасоо үчүн жалган диагноз коюшу мүмкүн экенин моюнга алуу эмей эмне? Же болбосо кандай бети бар врач бейтапка сен рак экенсиң деген диагнозду колуна карматып көчөгө чыгарып жиберет?
Биз бул журналисттик иликтөөбүз менен онкологдордун былыгын чукуйлу деген жокпуз. Алардын ишине аралашууга кыпындай да ниетибиз жок. Биз болгону Хашим табыптын эмне деген феномен экенин элге алып чыгууну гана максат кылып олтурабыз.
Мына ушул медиктер сыяктуу бейтаптарды документтештирүүгө келгенде Хашим табыптын тажрыйбасы нөл экен. Ошондон бир топ жолу күйүп, эми айранды да үйлөп ичип калган кези. Көзү жүз пайыз жетип турган ишти да расмий анализге жөнөтүп, документтерин тиркеп коё баштады. Бир келин келип менин көзүмчө эле кайрылып калды. Жатындын моюнчасында рак бар дешти деп баарын майдалап айтып берип жатат. Мындай илдетке чалдыккандар уялбай деле калат экен. “Түшүндүм. Эми барып гистологиялык анализден өтүп кел. Сага да тынч, мага тынч болот. Анан да менин врач деген дипломун жок экенин билериң, бир жаманчылык болуп кетсе дооң жоктугу тууралуу тил кат жазып бересиң, макулбу?” – дейт табып.
Андай тил катты табып азыр бейтаптын баарына жаздырып калган. Көрсө мен зыян тарттым деп бир эле киши арызданса кылмыш иши ачылып, камалып кетиши мүмкүн болуп, ал эми ошол эле учурда жүз кишинин сакайып чыкканы эч нерсеге жарабай калат экен. Ачыгын айтсак Хашим табып өлөөр кишини билет. Бирок андайды албай коюудан Кудайдан коркуп, дарыланам дегендин баарын ала берет. Адилет дарыгерди бейтап өзү деле көрүп, түшүнөт экен. Курулай доомат Кудайдан жөө качкан миңдин биринен эле чыгат. Бирок ошол миңдин бири адамды ак жерден күйгүзүп, жаман аттуу кылууга жарайт экен.
Өлөөр кишини көрүп турса, жалаң пайдалуу бейтаптарды тандап сакайтып, байый бербейби деген да суроо туулушу мүмкүн. Хашим табып мына ошону жасай албайт экен. Ал бизнес жасаганды да, бирөөгө калп айтканды да билбейт экен. Болгонун балп эттирип айтып олтуруп калат. Аны биринчи көргөн киши жактырышы эч мүмкүн эмес. Чорт жана кыска сүйлөп, кесе айтып койсо, түшүнүп, түшүнбөй, кайра сураганга батынып, батынбай калгандар андан көп. Бирок баамдаган адамга бара-бара анын улам бир ажайып дүйнөсү ачылып, анын сакадай боюна катардагы бир пенде эмес, кадимки Улукман акедей залкар инсан тунганына көзү жетет.
Бизнести билбеген үчүн бейтаптын баарына күнүгө 2 миң сомдон төлөйсүң деп асмандын башын балп эттирип айтып коюп, иш жүзүндө анын бештен бирин да ала албай, элдин жармын акысыз дарылап, аяк-башын жаба албай калган чарба жүргүзбөйт эле. 25 бейтаптын бир күндө төлөгөнү 50 миң сом болсо, айына 1,5 миллион, жылына 18 миллион сом болбойбу деп, иттин уулу Байгара да эсептеп, кузгундар пара талап кылып, итче тытып олтурбайт эле.
Хашим болгону илимпоз, Кудай-Таалам өзгөчө жөндөм ыроологон табып гана экен. Биз, бишкектиктер Бишкек шаарынын көчөлөрүн кандай билсек ал адамдын денесин ошондой билет экен. Билбеген көчөбүздү канчалык оңой таап алганды билсек, ал деле адам оорусун ошондой таап алат экен. Ал медиктер сыяктуу эле рентген, ультра үн изилдөө сүрөттөрүн, ар кандай химиялык-биологиялык анализдердин тыянактарын пайдаланган учурлары да толтура. Бирок медиктерден айырмасы адамдын тирүү денеси менен иштей алганы, кан тамырларынын согушу аркылуу адамдын абалын аныктай алганы, ошол абалга зыянсыз чөп дарылардын таасирин биле алганы, оорунун өзүн эмес, себебин жок кылууну биле алганы. Бул табыпчылык эмес. Бул башкача медицина. Бул альтернативалык медицина.

ИШЕНИМ

Чындыкка карай жол өтө татаал болот. Айрыкча бир нерсеге көзүң жетип ишенүү үчүн далилдериң азыраак болсо, бирок токтоосуз чечим кабыл алуу талап кылынса, мына ошол жерде чыныгы адамдык баам-парасат иштейт. Менин өзүмдүн да Хашим табыпка болгон ишенимим оңой келбеди. Дүйнөнүн жүздөгөн илимий-изилдөө мекемелери миллираддаган долларлык лабораториялары менен жеңе албай жаткан рак илдетин тоодон эми эле тоголонуп түшкөнсүгөн бир мыкырайган кыргыз жок кылып жатыптыр дегенге чынында эле ким ишенет? Ошентсе да Кудайдын буйругу жок кумурсканын буту сынбайт. Керектүү учурда керектүү окуяга туш болуп калуунун өзү да Кудайдын ооруган адамга жөнөткөн шыпаасы болсо керек.
Айылда жашаган Кылыч деген бир тууган иним бар. 4-5 жыл илгери ошол ооруп келди Бишкекке. Рак болуптур деп доктурлар бир бөйрөгүн алып салышты. Операциянын жараты бүткөн соң ракка каршы химиялык дарылоодон өт дешти. Шаардын лагман, манту дегендей чүйгүн тамактарын күнүгө ооруканага жеткирип турдук. Ооруса да жүгүрүп келген иним догдурдан чыгаарга жакын бутунан аксап баспай калды. Метастаза (рактын жайылышы) кетип жатат окшойт, муну эми онкологиялык оорукана дарылайт дешти врачтар.
Менин бир окумал кызым бар Мээри деген. Ошол интернетти тинтип олтуруп “Лечение рака по методу Рудольфа Бройса” дегенди таап алат. Аны ушинтип издесеңер азыр да таап аласыңар. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарынан баштап дарыгерлик кылган австриялык немис табып экен. Рактан 45 миң кишини айыктырыптыр. Эгер расмий медицина мага каршы иштебей, мени менен биргелешип иштегенде 1 миллион кишини рактан арылтат элек дептир. Ыкмасы болсо бейтапты көчөдө ит бекер сатылып жаткан 4-5 жашылчанын ширесине кармап, башка тамак бербей 42 күн ачка коюу экен. Кыргыздын биз технологиясын унуткан кырк күн суу ичирүүсүнүн өзү экен. Болгону суунун ордуна шире ичирет.
Теориясы болсо мындай. Рак деген дененин оорусу эмес. Денеге сырттан келип жабышкан илдет. Ал денедеги белок менен тамактанып, экиси төрт, төртү сегиз, сегизи он алты… болуп көбөйө берет. Дене дагы белок менен тамактанат, белоксуз жашай албайт. Эгер биз денеге сырттан белок бербей койсок рактын да көбөйүүсү токтоп, дене болсо өзүндөгү белокко тойбой, рактын өзүн жеп салат.
Расмий онкологдор кабыл албаган, бирок немис табып ийгиликтүү пайдаланып, миңдеген адамдарды сакайтууга жетишкен бул гипотезага биз дароо ишенип, иним Кылычка белоктуу тамак бергенди дароо токтоттук. 2-3 күндө баспай калган буту иштеп, ооруканадан өзү басып чыкты. Анан базардан шире сыккан аппарат сатып берип, эми айылыңа барып, сабиз, кызылча, түрпүң толтура, ошонун ширесин сыгып ичип жата бер деп жөнөтүп жибердик.
Кайран иним тамаксоорок. Шире ичкенге он беш күн араң чыдап, көзүм караңгылады деп райборбордогу ооруканага барса, алар “Кокуй, өлгөнү калган турбайсыңбы!” – деп тамчылатма ийнеге коюп, күчтүү тамак ичирип дарылашат. Биз жанында турбаган соң колубуздан эч нерсе келбей кала бергенбиз. Бирок ошол 15 күн ачкачылык рактын калган катканын жеп бүткөнү айдан ачык болду. Кылыч жыл сайын келип текшерилип, ал турсун гистологиялык анализден да кайра-кайра өттү. Таптаза айыгып, айылдагы кара жумушунун баарын өзү жасап жүрөт.
Кызыл кызылча менен кызыл сабиздин ширеси Хашим табыптын да негизги дарыларынын бири экени мендеги ишенбөөчүлүктүн плотинасын бузду. Анан да Ыйык Курандын бардык ооруга шыпаа бар деген жобосу Кудай деген адамдар үчүн сөзсүз иштээри андан чоң ишенимим болду. Эгер ушунчалык чоң дарт ушунчалык жөнөкөй нерселер менен жок кылынып жатса, аны бирөөлөрдүн шорунан акча жасоону максат кылган система көзү тумандап, көрбөй жатса, демек, ушунун өзүндө да Кудайдын буйругу бар да.
Чөп, табийгый дарылардын өз өзгөчөлүгү болот экен. Алардын көбүн дары деп айтуу деле мүмкүн эмес. Шире, кайнатма, тундурма десе туурараак болчудай. Ошондуктан медициналык дары-дармектерге караганда өтө жай жана кеч таасир этет. Алардын таасирин көтөрүү үчүн тамчылатып соруу ыкмасы киргизилген. Мындайда ооздон жылжып кирген дары денеге ашказанга жете электе сиңип, жөн гана ичкен тамак же суу болуп кетүүдөн калат. Хашим табыптын дарылоо курсу айлап созулуп кеткени да ошондон. Бирок натыйжасы укмуш. Адам дарттан биротоло арылат. Алды менен ушул кантип дары болсун, ушул кантип дартка чейин жетсин деп ойлойт бейтаптар. Бирок бара-бара натыйжасы көрүнө баштаган сайын ишеними артып, жаңы ыкманын чыныгы күйөрмандарына айланат. Чөп дарылардын тетири таасири жокко эсе. Анча-мынча баамы бар киши табыптын бейтапканасында кийин да оорудан кантип сактануунун, ооруп калса оңой эле сакайып алуунун жол-жобосун үйрөнүп алат.
Бейтаптардын ар биринин Хашимге ишенүү жолу ар башкача ачылган. Бул адамдын акыл чөйчөгүнө жараша болот десек туурадай. Рашида Бабажанова деген аял 2014-жылы көкүрөгүнөн рак болуп, онкологиялык ооруканада операция жасалып, химиялык жана нурлантуучу дарылоонун толук курсунан өтөт. Эки жылча эч нерсе билинбей жүрүп, 2016-жылы кайра ооруй баштаганын сезет. Анализдерин текшертсе баары жайында деп тыянак чыгарып берет. Анан Хашим табыпка келсе, ал тамырын кармап туруп, метастаза башталганын айтып, ишенбесең ЮРФА деген лаборатория бар, ошонун томографиясынан өтүп кел деп жөнөтөт. Ал жер табыптын диагнозун ырастайт. Ошондон баштап Хашимге ишенип, 2 айдан ашуун дарыяланып чыгат. Ошол эле ЮРФА дарттын токтоп калганын аныктайт. Бир жылдан соң дагы келип текшерилсе да баары жайында экен.
Табыптын бейтапканасында дагы бир дунган аял жатты. Ашказан, уйку безинин өтүшкөн рагы менен. Оорукана чыгарып койгон. Керээли кечке күйөөсү карайт. Түндүн бир оокумунда уктаарда биздин жаныбыздагы бош орунга келип жатат. Ошондон угабыз аялынын абалын. Аялдын абалын табыптын өзүнөн да сурап турабыз. Бир жумача дарыланган соң эми сакаюуга кетти деди ал. Күйөөсү болсо: “Ооруганы басылбай жатат, аялым үйгө кетели деп жатат”, – дейт. Биз ага: “Чыдагыла, табып сакаясың дегендин баары сакайып жатпайбы”, – деп жааласак да ынаган жок. Ошентип чыгып кетишти. Андан кийин эмне болду, билбедик.
Бейтапканада биздин палатада дагы бир казак киши келип жатты Карагандыдан. Ал да уйку без, ички органдарынын өтүшкөн рагы менен. Аялы карайт. Бирок анын карайт эле аты бар. Колдон түшкөн илээнди, жалдырама экен. Он күндө бир жолу жаңы тамак жасап берген жок күйөөсүнө. Табып ага өзгөчө мүнөз тамак ичсин деген. Бизге келген тамак менен эле жатты. Ал аз келгенсип табып ичсин деп берген дарыны да ичирбей коёт күйөөсүнө пайдасы болбой жатат деп. Анда мында эмне жатасыңар деп урушканга чейин бардык аялы менен. Баары бир таасир этпеди. Акыры “Мен мында өлүп калсам аялып сөөгүмдү алып кете албай кыйналып калат”, – деп курган казак аялын аяп, кетелиге чыкты.
Алыстан келген мусаапыр деп баарыбыз үзүлүп түшүп кызмат кылабыз ага. Беш маал намазда тизилип алып биринчи ошого тилейбиз ден соолук. Ошондой эле диагноз менен андан жаман абалда келген канча кишинин сакайып, куландан соо айыгып кеткенине күбө болдук. Бирок андай тагдыр казак боорубузга буюрбады. Интернет менен байланышып турат элек. Кеткенинен эки жумача өтүп, бир жолу кете бергенин уктук шордуунун.

СОҢКУ СӨЗ

Ошентсе да мына ушундай оор тагдырлардын чордонунда турган Хашим табып деген феномендин, кереметтин азыр өзү эле бар. Ишкана же мекеме, тактап айтканда, талапка ылайык бейтапкана деген жокко эсе. Эптеп эле бирдемеси бар десек да болот. Муну маанисине шаанисин баптап уюштуруу үчүн, б.а. табып сунуш кылган ар бир ыкманы заманбап деңгээлдеги кыйшаюусуз системага айлантып, бейтаптарды жогорку медициналык маданият менен тейлөө үчүн чоң менеджерлик жана капиталдык колдоо керек. Дарыларын ийине жеткирип, жакшы идиштерге куюштуруп, товардык белгисин кашкайтып жасап чыгуу үчүн көп эмгек керек. Азыр болсо бейтаптар дартынан эптеп айыкканга кайыл болуп, бардыгы бардыгына көз жумуп коюп жаткан кез.
Оору адамды тандабайт. Хашим табыптын бейтаптарынын ичинде Кыргызстанда иштеп жүргөн чет элдиктер да бар. Эл катары алар да сакайып, төбөсү көккө жетип сүйүнүп жүрүшөт. Алардын бири, араб өлкөлөрүнүн биринен келген бир адам табыптын учурдагы көйгөйлөрүнүн баарын түшүнүп, өз өлкөсүнө азгыруу менен алек болуп жүрөт. Табыптан бир тыйын чыгым кетпейт, иштин баарын мен уюштурам, пайдасын тең көрөлү деген сунушу менен. Хашим болсо: “Башка элде султан болгуча, өз элимде ултан болгонум жакшы го”, – деп ал жактагы иштин ийгилигине көзү жетип-жетпей жообун саамыктатып келет. Араб тууган болсо табыптын пайда үлүшүн дагы көбөйтүшүбүз мүмкүн деп, биротоло этектеп алган.
Ооба, Хашим табыптын керемети жерде калаар иш эмес. Араб болбосо элдик табыпчылыкка толук эркиндиги бар Кытай деген эбегейсиз чоң өлкө турат капталыбызда. Табыптын бир жардамчысы интернет аркылуу Европа, Америка өлкөрүнөн кызыккандар менен күнүгө кат алышууда. Бүгүнкү күндө рак деген дартты жалгыз Израиль мамлекетинде өтө чоң акчага дарылайт деп угабыз. Бирок ал да баштапкы гана стадияларын. Хашим табып сыяктуу өтүшүп кеткенин да сакайтып жиберген али эч ким жок.
Ошентсе да өтүшкөндүн да өтүшкөнү, рактын да түрлөрү болот экен. Хашим табыптын ошондойлордун бир тобуна алы али жетпей жатканын да ачык айтышыбыз керек.
Бир жигит рактын грибок деген түрү менен келгенин көрдүк. Мурдунун бир капталы муштумдай болуп шишип, көздөрү жумулуп, оозу ачылбай, бет келбети түрү укмуш болуп калган. Врачтар алыбыз келбейт бул дартка деп чыгарып койгон. Хашим табып алышып жатып, баягы шишикти кетирди. Оозу ачылып, тамак жеп калды. Көздөрү бир аз ачылганы менен көрүү нервдерин дарт жеп кеткен сыяктанат. Жарык менен караңгыны да ажыратып көрө албайт. Жакшы келинчеги бар экен. Басса-турса ошол жетелеп, үч маал жаңы тамак жасап берип, бапестеп багат. Бирок дарт мурундун ичинен жайылышын улантып, канчалык тазаласа да андан ары сакаюу кечеңдей берди. Ал аз келгенсип бул илдет жугуштуу болот экен, жубайына да жугуп калганын айтты табып.
Бир күнү жубайлар табыпка келип: “Биз бул жерден кетели. Үйгө барып экөөбүз тең өлүп алалы деп чечтик. Бул балээ биз менен бүтсүн. Балдарыбызга, деги эле эч кимге жукпасын”, – дешет. “Токтоткула мындай сөзүңөрдү! – дейт Хашим. – Өз жанын кыйган тозокко түшөт. Дарылайм экөөңдү тең. Силерден акча да албайм. Кудай шыпаасын берсе айыгасыңар. Андан көрө көбүрөөк Алладан тиленгиле.”
Ошентип тынчып калышкан. Жубайлардын өздөрүнүкү аз келгенсип, үйүндө да көкөй кескен көйгөйлөрү көп экен. Буларды жөлөп-таяганды тим кой, үйүндө калган чиедей балдарын каралашып тураар туугандан да айтпаптыр. Ошолорду жайгарып келели деп он күнгө суранып кетишкен айылына. Ошол бойдон кайрылып келише элек.
Хашим табып мына ушундай бейтаптардын демөөрчүсүнө да, атасына да, энесине да айланган. Алар менен кошо күйүп, кошо түтөп олтура берет. Бирок ошол эле учурда бейтаптын жакшылыктан үмүтүн үзбөй ынандыра билүү үчүн эмне деген күч, эмне деген нерв керек!? Ооба, Хашим деген табыпчылыгынан адамкерчлиги, адамкерчилигинен эрдиги ашкан өзгөчө бир керемет жан экен. Күнү-түнү ойлогону бейтаптары, издегени дарттардын дабасы, эс алганы беш маал тоголонуп окуган намазы.
Кадырына жете алсак Хашим табып керемет эле эмес, өлкөбүз үчүн балким кут да болуп бербейт беле. Ал кант дартына чалдыккандарды, боор илдетине илингендерди (гепатиттерди) да дарылап жатат. Анын “Бир-эки ай ушул ызы-чуудан мээм бошоп, жалаң илим менен олтурсам, биздеги дагы бир чоң көйгөй болгон бөйрөк дартынын маселесин чечип, толгон жарандарыбызды гемадиализден чыгарат элем”, – дегенин угуп, оозубуз дагы бир ачылды. “СПИДди айыктырууга болот!” – деген гипотезасын угуп андан бетер шок болдук.
Ооба, мунун баарына ишениш-коюш ар кимдин өз иши. Ага мажбурлоо жок. Антүүнүн зарылдыгы да жок. Болгону Хашим Зайналиев деген илимпоз табып улутташыбыз улуу иш баштап, жүздөгөн мекендештерибизди, ал турсун интернет аркылуу таап келген чет элдиктерди да айыккыс деп эсептелген дарттардан реалдуу сакайта баштаганын гана жар салып, жалпыга жаялы дедик. Жабылып колдоого алсак оорудан мукураган толгон шордуу мекендештерибиздин сообуна калбайт белек, бул ишти эл аралык деңгээлде уюштурууга жетишсек кыргыз деген түптүү журттун аброю асмандап, аты дүйнөгө жакшылык менен чыкпайт беле дедик.
2017-жылдын апрели.

0 Likes
0 Dislikes

Комментарии закрыты