Home » Авторы » Т » Топчугүл Шайдуллаева » -Бала көтөргөн балалык – Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемеси

-Бала көтөргөн балалык – Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемеси

Save pagePDF pageEmail pagePrint page

Алты жаштан эми гана жетиге караган кыздын колхоз ишине, тамаркага, анан үй тиричилигине белчесинен баткан апасынын колу такыр бошочу эмес. Апасы али мектепке бара элек кызынын далысына күн сайын кичинекей наристени жоолук менен байлап берет «көтөр» деп. Наристе кичинекей болсо да анын салмагынан кыз адегенде баса албай эңкейип, ийини ооруп көпкө чейин кыйналып жүрдү. Анан көнө баштады. Алгач бала менен короо ичинде араң ары-бери баса алса, эми инисин көтөрүп алып, өзүнө окшоп бала көтөргөн жана көтөрбөгөн кыздар менен айылды аралап ойноп кетет. Ийинине байланган иниси бара-бара аны менен дайыма кошо жүргөн нерсеге айланып калды. Эңкейип алып бала көтөрбөгөн кыздар менен бардык оюндарды ойной алат. Кээде иниси ыйлап кыйнайт, ошол маалда ары-бери басып айласы кетет. Кээде сийип-чычып жиберет, көйнөгүнөн ылдый суу куюлуп үйгө жеткенче шашат, өзү да бала эмеспи, жийиркенет. Анткенине болбой апасы инисинин булганыч шымын шыпырып туруп, арыкка барып жууп кел деп кыздын колуна карматат. Боктуу ыштанды агын сууга салып, ары-бери тазалайт. Ыштанды жууп келгенче апасы инисин кургактап, эмизип турат. Анан кайра ийинине таңып берет. Кээде иниси аркасында таңылган бойдон уктап калат. Ал учурда наристе аябай оор болуп калат. Кыздын ийини, колдору талып, ооруп чыгат. Ойной албай калат. Эңкейген бойдон ойноп аткан кыздарды иниси ойгонгончо карап тура берет. Бала көтөрүп буттары, бели талыган кыздын көздөрү оюндан өтүп, аларга кошулуп ушунчалык жеңил чуркап, учуп ойногусу келет, эгер азыр ойносо кыздардын баарынан катуу чуркайт эле, топту да баарынан алыс ыргытат эле, артында байланган иниси болбосо.
Желкесиндеги бул жүк кыз уктап жатканда да мазесин алат. Төшөктө иниси кудум артында байланып тургандай, ары-бери оодарыла албай кыйналат. Төшөк ичинде уктап жатып да бала ийининде тургансып эңкейип эки бүктөлүп калат.
Күн өткөн сайын иниси да чоңоюп, кыздын көтөргөн «жүгү» оордой баштады. Кыздар менен гүл тергени дөңгө чыкканда көтөрө албай кыйналып калды. Иниси да мурдагыдай тынч турбай ары-бери кыймылдай берип, кызды кыйначу болду. Бир жолу Бүайша ийининин, колунун талыганынан тажап кетип, артында таңылган инисин чечип, жерге отургузуп койду да, өзү теңтуштары менен оюнга кошулуп кетти. Адегенде чөп үстүндө тынч отурган бала бир маалда жөрмөлөп жөнөдү. Оюнга алаксыган Бүайша инисинин машине жолго жетип калганын байкабады.
Бир маалда зуулдап келе жаткан жүк машине сүрдүгүп барып токтоп калды.
– Бүайша! – Кыздардын бири оюн арасынан ачуу чаңырды. Жөрмөлөгөн бала машиненин так дөңгөлөгүнө аз жерден тийбей калды. Калчылдак баскан кыз чыркырап барып инисин жерден алды. Аңгыча кабинадан атып түшкөн шопур кызды жаак талаштыра бир чапты.
-Ойнобой омурткаң сынгыр десе! Баланы карабайсыңбы!
Өңгүрөп, өң-алеттен кеткен кыз өзүнөн бетер коркуп, эчкире ыйлаган инисин артына көтөргөн бойдон үйгө жөнөдү. Булардын үйүнө Бүайшадан мурда шопур жигит машинеси менен жетип, болгон окуяны баяндап бүткөн эле. Кыз дарбаза алдында токтоп турган жүк машинени көрүп, үйгө киргенге даай албады. Өзү да ыйлап, бала да ыйлап саамга көчөдө туруп калышты. Азыр үйгө кирсе баары муну урушат. Уруп жиберишсечи, жанагы шопурга окшоп. Аз жерден инисин машине тебелеп кете жаздады. Жүрөгү алкымына тыгылган кыз ушул азыр ийининдеги жүктүн кенедей да оордугун сезбей, мындан ары кыйналса да инисин жерге такыр түшүрбөй көтөрүп жүрөйүн деп ичинен миң мертебе кайталап жатты.
Чын эле оор жүктөн Бүайша эки буту тайтайып, желкеси бүкүрөйүп, иниси үчкө келгенче көтөрүп жүрдү, андан кийин жаңы төрөлгөн сиңдисин көтөрдү, дагы андан кийинки инисин көтөрдү…
Мектепке барганда «партада түз отур» деп эжейи тилдейт, түз эле отургансыйт, бирок отура албайт, анткени бүкүрөйүп калган ийини ошол бойдон жазылбайт. Бала көтөргөн балалыктын бул белгиси Бүайша бой тарткан сайын ого бетер билинип, эӊкея басканы көп учурда аны өксүтүп, кейитип, корунтуп жүрдү. Кыздын акылы, айдай жүзү, мээнеткечтиги – ушунун баары бириксе да бой келбетиндеги бул өксүктү жымсалдай албай кызды бир өмүр ташпишке салды.

Топчугүл Шайдуллаева
18.08.2000

1 Likes
0 Dislikes

4 489 Комментария к -Бала көтөргөн балалык – Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемеси

  1. you are in point of fact a just right webmaster.
    The site loading speed is amazing. It kind of feels that you’re doing any
    unique trick. In addition, The contents are masterwork. you have performed a excellent
    process in this subject!

  2. No matter if some one searches for his vital thing, therefore he/she desires to be available that in detail,
    so that thing is maintained over here.

  3. Howdy! Someone in my Facebook group shared this website
    with us so I came to check it out. I’m definitely loving the information. I’m
    book-marking and will be tweeting this to my followers!

    Great blog and fantastic design.

  4. I am no longer positive where you are getting your information, but good topic.
    I must spend a while finding out much more or figuring out more.
    Thank you for fantastic information I was searching for this info for my mission.

  5. I am planting it as many as possible now.

  6. Hi, its pleasant article about media print, we all understand media is a enormous
    source of facts.